446

Көк-Бөрүнүн чабуулчусу дүйнө чемпионатына барбай калышы – өч алуубу?


Кыргызстандын эң мыкты улакчыларынын бири Манас Ниязов Казакстанда өтө турган Көк-Бөрү боюнча чемпионаттан эмне үчүн четтетилди? Алдыңкы бомбардир оюнга аттанаарга 3 күн калганда “барбайсын” деген кабар алган. Өлкөнүн Көк-Бөрү федерациясы азырынча бул боюнча так түшүндүрмө бере элек. Ал эми Манас Ниязов өзү болсо, бул кошуна тараптын өч алуусу катары сыпаттоодо. Ал былтыр “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” финалдык беттешинде Казакстандын оюнчусун ат менен кокусунан койдуруп алган.