533

Көк-Бөрү: Кыргызстан – Өзбекстан 11:2


Астанада өтүп жаткан чемпионатта Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы өзбекстандык оюнчуларды 11:2 эсебинде утуп алышты. Бүгүн мелдештин экинчи туру өттү. Анын биринчи таймы 4:0 менен аяктап, экинчисинде Кыргызстандык көк бөрүчүлөр жети жолу, атаандаштары эки ирет улак ташташкан. Эки күндүк оюндун жыйынтыгы менен, биздин улакчылар азыр турнирде биринчи орунда келе жатат. Кечээ күнү кыргызстандык спортчулар Монголиянын курама командасы менен беттешип 4:0 эсебинде жеңишкен. Эми эртең биздин көк бөрүчүлөр Түркиянын оюнчулары менен таймашат.