960

Көчмөндөр оюндары: Орусия медалдардын саны боюнча алдыда

Игры люди
Ысык-Көлдө Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын төртүнчү күнү өтүп жатат. Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда мелдештер уланууда. Бүгүн кыргыз, түрк күрөштөрү, ат чабыш, ордо, тогуз коргоол, мангала, көк-бөрү боюнча таймаштар болуп жатат. Мындан тышкары, атчан жаа атуу, алыскы аралыктан жаа атуу жана жөө жаа атуу, эр эңиш, ат үстүндө найза ыргытуу жана тайган жарыштыруу боюнча да беттештер уюштурулган. Белгилей кетсек, кечээ таймаштардын жыйынтыгында медалдардын саны боюнча Орусия курамасы алдыга чыккан. Алардын куржунунда 10 алтын, эки күмүш жана үч коло байге бар. Кийинки орунда азербайжандыктар келе жатса, үчүнчү орунда Казакстандын командасы.