1324

Гүлнара Каримова соттолуп, түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат

3
Өзбекстанда Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова соттолуп, түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн Башкы прокуратурасы маалымат таратты. Анда 2001-2013-жылдары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү Гүлнара Каримованын жетекчилиги менен ишкерлерди опузалап 54 миллиард сумдук мүлктөрдү өздөрүнө жаздырып алганы, мамлекеттик акцияларды сатып алууда 344 миллиард сумдук зыян келтиргени, 2 триллион 91 миллиард сум салыкты төлөөдөн качканы, уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн жана оффшордук компанияларын жашыруу үчүн документтерди жок кылганы айтылат.

Буга байланыштуу Гүлнара Каримовага беш берене боюнча айып тагылган. Ташкент областтык сотунун чечими менен Өзбекстандын биринчи президентинин кызы 5 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары, учурда Каримованын тиешеси бар башка дагы оор кылмыштар боюнча тергөө уланууда. Анын ичинде, бирөөнүн 595 миллион долларлык мүлкүнө ээлик кылуу, уюлдук операторлордон 390 миллиард сумду негизсиз өндүрүү сыяктуу иштер бар. Буга байланыштуу Гүлнара Каримовага алты берене боюнча айыбы угузулган.

Жогоруда аталган кылмыш иштеринен улам, мамлекет жана жарандардын тарткан чыгымы 3 триллион 746 миллиард сумду түзгөн. Анын банктык эсептери 12 өлкөдө ачылган. Учурда ал каражаттарды Өзбекстанга кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканы кабарланды.