796

Футбол: Кыргызстан командасы филиппиндерге утулуп калды

футбол
Кыргызстан-Филиппин футбол курама командаларынын ортосунда жолдоштук мелдеш өтүп, анда Кыргызстан курамасы 2:1 эсебинде утулуп калды. Аталган мелдеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Оюн абдан кызыктуу болду, эки команда тең мыкты даярдыктарын көрсөткөн. Биринчи таймда кыргызстандын курама тобу мыкты оюн көрсөтүп, бир гол киргизди. Ал эми биринчи таймдын 43 мүнөөтүндө Филиппин курамасынын оюнчусу Кевин Ингресо бир гол киргизгенге жетишти. Экинчи таймдын 53-мүнөтүндө филиппиндиктер кайрадан экинчи голун киргизишти. Жыйынтыгында 1:2 эсебинде кыргыз курама тобу жеңилип калды. Эскерте кетсек, оюн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоого арналган.