811

Эстакаданын урандыларынын астында калган адамдарды издөө уланууда

Индия эстакада

Индиянын Батыш Бенгалия штатынын борбор шаарында эстакада кыйрап, куткаруучулар урандылардын астында калган адамдарды издешүүдө. Соңку маалыматтар боюнча, кырсыктын натыйжасында кеминде 20 адам набыт болду. Бирок бийликтелердин пикиринде курман болгондордун саны айтылгандан да көп болушу мүмкүн. Жараат алгандардын саны 100гө чукул. Куткаруучуларга жергиликтүү жарандар кол кабыш кылууда. Курулуштун 100 метрди түзгөн жер аянтты Бара базарынын аймагындагы соода катарларына жана унаалардын үстүнө түшүп кеткен. Калкы 16 миллионго жеткен шаардын борбордук базарында кырсык болгон учурда кызуу соода жүрүп жаткан. Соңку маалыматтар боюнча, кырсык курулуштагы же долбоордогу мүчүлүштүктөрдөн улам жаралган. Эки устун тиреп турган салмакты көтөрө албай калган. Эстакада 5 жылдан бери салынууда жана аны куруу иштеринде коопсуздук эрежелери сакталган эмес  деген кооптонуулар бар. Колкатадагы оорукананын алдында жабыркагандардын жана каза болгон адамдардын туугандары чогулушту.  Алардын башкы максаты жакындары тууралуу маалымат алуу.