454

Экономикалык кылмыш кылгандар жоопкерчиликке тартылбайбы?


Ишкерлер чөйрөсү экономикалык мыйзам бузуу жасагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпай, акчалай айып менен жазалоону сунушташууда. Бирок бул чара коррупциялык иштер үчүн кармалгандарга колдонулбай, салыкты жашыруу сыяктуу аракеттерге гана тиешелүү. Муну менен ишкерлерди укук коргоо органдарынын кысымынан сактоого болмок, дешет демилгенин авторлору. Анткени күч түзүмдөрүнүн кээ бир өкүлдөрү бизнесмендерди коркутуп, аларды опузалаган учурлар бар. Коопсуздук кеңеши да бул сунушту колдоп жатат. Бирок так-даана механизмдерди иштеп чыгуу зарыл дешет. Себеби бул кадам менен мыйзам бузгандар жазаланбай калуусу дагы мүмкүн.