366

Эки жигиттин мээсин чачырата сүзгөн айдоочу камакта


Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында ири жол кырсыгы катталды. Көчөдөн өтүп бара жаткан эки жигитти өтө катуу ылдамдыкта бараткан “Субару Легаси” үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Анын кесепетинен 29 жана 30 жаштагы жарандар ошол жерден жан беришкен. Алардын баш мээси чачырап, машинанын ичине чейин кирип кетип, автоунаа канга боелуп калган. Кырсыкка себепкер адам ошол жерден колго түшүрүлүп, жаш айдоочу өз күнөөсүн мойнуна алган.