601

Египеттин жүргүнчүлөрдү ташыган учак Кипрде барымтага алынды

египет самолет
Бул тууралуу Кипрдин мамлекеттик радиосу кабарлады. Аба кемеси Египеттин Александрия шаарынан Каирге учуп бара жаткан ички каттамдагы учак экени белгиленди. Авиалайнер Кипр аралынын Ларнака шаарына кондурулганы да айтылууда. Учакта жалпысынан 81 киши бар. Аны барымтага алган адамдардын бирөө оор куралданганы божомолдонуп жатат. Ошондой эле, учурда террорчулар менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, 20 чакты балдар жана аялдар кое берилгени маалым болду.