938

“Дордой” футбол боюнча Кыргызстандын кубогун сегизинчи жолу утту

Дордой
18-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча 2016-жылдагы Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши өттү. Башкы олжо үчүн Бишкектин “Дордой” жана Оштун “Алай” командалары беттешип бишкектиктер бул оюнда 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Оюндагы жалгыз голду 59-мүнөттө Девид Тетте киргизди. Аталган командалар буга чейин 2013-жылы Ош шаарында финалда беттешип, оюндун негизги бөлүгүндө 1:1 эсебинде тең ойноп, пенальти тебүүдө 4:2 эсебинде “Алай” оюнчулары жеңишке жетишкен. Кыргызстандын кубогуна арналган оюндар 1992-жылдан бери жыл сайын Топ лига жана Биринчи лигада ойногон клубдар арасында өткөрүлүп келет.