1874

Делиде кыргызстандык аял 1 млн доллардан ашуун акча менен кармалды

доллары
Индиянын аэропортунан кыргызстандык аял 1 млн доллардан ашуун акча менен кармалды. Маалыматтарга караганда, ал Нью-Делинин аэропортунан Бишкекке учканы жатканда колго түшкөн. Текшерүү учурунда 56 жаштагы аялдын сумкасынан 60 миң доллар чыккан. Ал эми багажга өткөргөн жүктүн арасынан дагы 1 миллион 41 мин доллар табылган. Учурда иш Индиянын бажы кызматынын кароосунда. Бул окуяны Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги да териштирип жатканы кабарланды.