1600

Алдыда жаз – жарыш

Жазгы-талаа иштерин тийиштүү деңгээлде жүргүзүү үчүн, айыл-чарба министрлиги фермерлерге бардык шарттарды түзүп берүүсү керек. Бул тууралуу, Президент Алмазбек Атамбаев, айыл-чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевди кабыл алуу учурунда айтты. Жолугушууда, Мамлекет башчысы жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшү, анын ичинде минералдык жер семирткичтерди жеткирүү, жеңилдетилген насыяларды берүү аркылуу айыл-чарбасын каржылоо жана лизинг программаларынын турмушка ашырылышы тууралуу маалымат алды. Турдуназир Бекбоев ошондой эле өлкөдө ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, жаны сугат жерлерди пайдаланууга киргизүү жана алардын сугат суу менен камсыз болушун мындан ары жакшыртуу боюнча пландар жөнүндө баяндап берди.