377

БШКга президент болууну каалаган 59 адам арыз берди

ЦИК 22
Президенттикке талапкер болуп катталуу ниетин билдиргендердин саны 59га жетти. БШКнын маалыматы боюнча, алардын ичинен 48 жаран өзүн өзү көрсөтсө, 11ин партиялар көрсөтүшкөн. 31-июлда БШКга “Бөлтүрүк” дыйкан чарбасынын башчысы Өмурбек Бөлтүрүковдон, пенсионер Камил Токтобаевден, укук коргоочу Роман Ремневден, «Киргизпромтехнология» ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси Аскар Абышкаевден, ӨКМдин Мониторинг жана чукул кырдаалдарды божомолдоо департаментинин адиси Советбек Абыкуловдон, Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбековдон жана адвокат Марат Мергеновдон арыз келип түшкөн. Арыздарды кабыл алуу 31-июлда түнкү 12де аяктады. Талапкерлерди каттоо 15-августтан кийин башталат. Шайлоо 15-октябрда өтөт. Президенттикке талапкерлердин акыркы тизмеси 10-сентябрда жарыяланат.