457

БШК: майыптардын добуш берүүсүнө шарт түзүлөт


Шайлоодо ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин добуш берүүсүн камсыздоо үчүн БорШайКом максималдуу түрдө шарттарды түзүүгө бел байлоодо. Бул үчүн көрүүсү начарларга лупа сатылып алынса, коляскада отургандар үчүн атайын пандустарду куруу талабы коюлду. Ошондой эле, ар кандай акциялар жүргүзүлүп, анын алкагында майыптарды добуш берүү тилкесине ала келүүгө чакырыктар болот. Буга кошумча, шайлоо өнөктүгү маалында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөндөмүнө жараша ишке тартуу да пландалууда.