514

Бишкектеги мектептердин көбү жаңы окуу жылына даяр эмес


Борбор калаадагы мектептер жаны окуу жылына даярбы? Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канат Музуралиев жаңы салынып жаткан мектептерге барып, курулуштун абалы менен таанышты. Жалпысынан 10 орто билим берүү жайы менен бала бакчалар текшерилди. Бирок баардык эле билим берүү жайлары жаны окуу жылына даяр эмес экендиги маалым болду. Айрым жерлерде 1-сентябрга чейин курулуш иштери аяктап калаарын убада кылышты. Ал эми кээ бирлери үлгүрбөй калышы мүмкүн. Бул имараттар бир нече жыл мурда эле курула баштаган.