823

Бишкектеги №4-төрөт үйүндөгү кайрадан чыр-чатак чыкты


Бишкек шаарындагы №4-төрөт үйү кайрадан көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Буга мурдагыдай бала менен эненин өлүмү же ымыркайды уурдоо фактысы эмес, мекеменин жетекчилиги менен министрдин ортосундагы пикир келишпестик себеп болууда. Тактап айтканда, оорукананын башкы дарыгери министрлик тарабынан куугунтуктоо болуп жатканын айтууда. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев болсо, бул айыптоо карандай калп, деп өз жүйөөсүн келтирип жатат.