1044

Бишкекте менталдык арифметика боюнча олимпиада болуп өттү

Box_AUZA_0603_0102.mpg_20170306174617
Бишкектин эң акылдуу, тез эсептегичин табуу аракети. Борбор калаада менталдык арифметика боюнча олимпиада болуп өттү. Аны ИСМА-Кыргызстан эл аралык арифметика мектеби уюштурган. Иш чарага атайын даярдыктан өткөн 380ден ашык мектеп окуучусу катышты. Тапшырмалар дагы ошого жараша даярдалган. Аны аткаруу үчүн балдарга 5 мүнөттүк убакыт берилди. Бул аралыкта алар татаал математикалык тапшырмаларды атайын эсептөөчү каражат менен чыгарышты. Эске салсак, ИСМА-Кыргызстан – уникалдуу программа менен билим берген алдыңкы мектептердин бири. Мында билим алган балдар, алты сандан турган тапшырмаларды бир нече секунддун ичинде кошуу, бөлүү, көбөйтүү жана алуу мисалдарын аткара алышат. Ошондуктан тапшырмалар – жеңил болду дешет жарыштын жеңүүчүлөрү.