600

Бишкекте кыргыз-америка бизнес форуму өтүүдө

1
Бишкекте Кыргызстан жана АКШнын бизнес форуму өтүп жатат. Форумга Кошмо Штаттардан келген ишкерлер тобу катышууда. Алардын катарында AGCO, Baker & McKenzie жана General Electric, AES, Mobilized Construction, Coca-Cola жана башка компаниялардын өкүлдөрү бар экенин Кыргызстандын Экономика министрлигинен кабарлашты. Бул эл аралык ишкердик шериненин жүрүшүндө америкалык ишкерлер Кыргызстандагы ишкерлер чөйрөсү менен баарлашып, өлкөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат. Бизнес форумду Экономика министрлиги менен Кыргызстандагы Американын соода палатасы (AmCham) уюштурууда.