483

Бир сутка ичинде жол кырсыгынан 5 адам мерт кетти

ДТП2
Кыргызстанда бир да күн жол кырсыгы жок өтпөй калгандай. Бир сутка ичинде авариядан беш адам мерт кетти. Кечээ Ысык-Көл областында төрт киши, Баткенде бир адам жол кырсыгынан курман болду. Жети-Өгүз районунда саат сегиздер чамасында жеңил унаа бакты сүзүп, ичиндеги атасы менен 7 жаштагы баласы ошол жерден жан берген. Дагы бир 12 жаштагы уулу оор абалда бейтапканага жеткирилген.

Мындан тышкары, Түп районунун Сары-Булак айылына жакын аймакта кечинде эки автоунаа сүзүшүп, эки айдоочу тең ошол жерде набыт болгон. Баткен областынын Ак-Талаа айылында дагы жол кырсыгы катталып, бир адам каза таап, бирөө ооруканага жеткирилген.