803

Бекеттеги жарылууга коопсуздук техникасынын сакталбаганы себеп болгону айтылууда

zryv ananievo_2006_0330_ru.mpg_20170620172830
Ысык-Көлдөгү Ананьево айлындагы газ куюуучу жайдын жарылуусу, алдын ала божомолдорго ылайык, коопсуздук техникасын бузуудан улам болгон. Бул тууралуу бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, азырынча кырсыктын себептери толук аныктала элек. Боронов белгилегендей, алдын ала божомолдор боюнча жарылуу болоордун алдында газ куюуучу станцияда темир ширетүү иштери жүрүп жаткан. Аны менен бир эле, учурда үч цистернага газ куюулуп жаткан. Ал үчүн талапка жооп бербеген, колго жасалган насос пайдаланылган. Мындан улам, жарылуунун себеби – коопсуздук техникасы сакталбаганы болгону болжолдонууда. Эскерте кетсек, дүйшөмбү 19-июнь күнү кечинде Ысык-Көл областынын Ананьево айылындагы газ куюуучу бекетте катуу жарылуу болуп, 2 адам каза таап, 8 адам жабыркаган.