368

Бейтаптар менен кошо тамактанган таракандар


Өлкөдөгү медициналык жайлардын санитардык абалы текшерилет. Буга ооруканалардын көбүнчө тазалык сакталбай жатканы себеп болууда. Жакында эле интернетке Токмок шаардык бейтапканасындагы абал тартылган видео тасма жарыяланды. Анда палатадагы керебеттерде таракандардын чуркап жүргөнүн көрүүгө болот. Мындай көрүнүштү бир гана аймактык эмес, Бишкектин ооруканаларынан дагы кездештирүүгө болот. Медициналык жайларда тазалык эрежеси сакталбаганын, Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы моюнга алууда.