731

Баткенде жүк ташуучу унаа чек арачылардын вагонун сүзүп алды

граница в Баткене
Баткенде жүк ташуучу унаа чек арачылардын вагонун сүзүп алып, каналга түшүп кетти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдирди. Кырсык Тажикстандын Гафуров району менен чектешкен аймагындагы “Кулунду оочу калача” чек ара өткөрүү жайында 7-сентябрга караган түнү болгон. Унаанын айдоочусу чек ара кызматкерлеринен жолду тактап алуу максатында чек ара өткөрүү жайын көздөй басканда, унаа ордунан жылып кеткен. Аны токтотууга аракет кылган айдоочу өткөрмө жайдын имараты болгон вагонду сүзүп, каналга кулап кеткен. Учурда окуя болгон жерде КР ӨКМинин кызматкерлери иштөөдө. “Чек арачылардын арасында жапа чеккендер жок. Машинанын жолунда бара жаткан айдоочу өзү жаракат алган. Анын абалы канааттандырарлык”-дешти басма сөз кызматынан.