380

Бабанов президенттикке талапкер катары расмий каттоодон өттү


Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер катары расмий каттоодон өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Бабановдун президенттикке талапкердигин бир добуштан колдоп, ага тиешелүү күбөлүк тапшырылды. Бабанов президенттикке талапкерлерге коюлган бардык талаптарга жооп берген, буга чейин мамлекеттик тил сынагынан 93,5 баллга ээ болуу менен ийгиликтүү өтүп, 1 миллион сомдук күрөөнү төккөн жана жүз миңден ашуун адамдын колу коюлган тизмени тапшырган. Президенттикке талапкердин күбөлүгүн алып жатып, Бабанов Борбордук шайлоо комиссиясын ачык-айкын жана адилет иштейт деп ишеним артуу менен бардык талапкерлерге калыс мамиле жасоо зарылдыгын баса белгиледи.