377

Бүгүн Татарстанда аза күтүү күнү

Татарстан
Татарстанда күйүүчү май ташыган унаа менен жүргүнчүлөрдү алып бараткан автобустун кагылышынан каза болгондорго байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Миннихановго көңүл айтты. Алмазбек Атамбаев көңүл айтуу телеграммасында кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын баары тезирээк сакайып кетишин каалай турганын белгилеген. Жол кырсыгы 1-июлдан 2-июлга караган түнү болгон. Анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 15 адам жаракат алган.