706

Атамбаев: «Мугалимдер менен эмгекчилер – биз сыймыктанчу адамдар»

8
Бишкекте Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Мамлекет башчысы сыйлыкка татыгандарга жемиштүү, жаратман эмгеги үчүн, өз ишине, кесибине жана өлкөгө берилгендиги үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди. “Өткөн 5-6 жылдын ичинде мугалимдердин орточо маянасы 4 эсеге көтөрүлдү. Мугалимдер үчүн ипотека иштеп баштады. Ушул жылдын аягына чейин, Кудай буйруса, өлкөдө бир да авариялык мектеп калбайт. Же жаңы имарат салынат, же капиталдык ремонт жасалат», – деп Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинен мугалимдер үчүн пансионат берилгендигин, анын участогуна мугалимдер эс ала турган татынакай корпустар курулаарын кошумчалады. Алмазбек Атамбаев өлкөнүн билимге жана билимдүү коомду карай умтулуусу улантылаарына, өлкө ушул багытынан тайбастыгына ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча катышуучулардын арасында фермерлер, малчылар, мугалимдер көп. «Сиздер абдан окшошсуздар, дан, пахта өстүргөндөр менен балдарга тарбия берип өстүргөндөр ал тургай тышкы турпатыңар менен окшошуп кетесиздер. Табияттын кыялы ар кыл – кээде жаан жаайт, кээде кар жаайт, бирок сиздер жакшы түшүм алыш үчүн бардыгын жасайсыздар. Мугалимдер дагы балдар жакшы адам болуп чыгыш үчүн колдон келген бардык аракетин жасайт. Бул абдан зор иш. Эгерде мен турмушта бир нерсеге жетишсем, мында ата-энемдин гана эмес, мугалимдердин дагы эмгеги зор. Мугалимдер менен карапайым эмгекчилер – биз сыймыктана турган ыйык адамдар. Сиздерге терең таазим!», – деп президент сыйлык алгандарга жаратман эмгеги үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, мугалимдер, карапайым эмгекчилер, маданият ишмерлери өлкөбүздүн уюткусу экендигин баса белгиледи. Мамлекеттик сыйлыктар менен кошо президент сыйлык алган 133 адамдын ар бирине 10 миң сомдон акчалай белек тапшырды. Бул каражаттар мамлекет башчысынын чечими менен президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн.