639

Атайын кызматтар теракт даярдап жаткан адамдарды кармады

ГКНБ22
Өлкөнүн чектешкен аймактарында жардыруу жасоону пландап жаткан согушкерлер кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери эл аралык террористтик уюмдун төрт мүчөсүн колго түшүрүштү. Алардын баары Кыргызстандын жарандары. Бул адамдар колго жасалган жардыруучу каражаттарды жана курал-жарактарды пайдалануу менен чектешкен аймактарда террористтик акттарды уюштуруп, коомдук саясий абалды дестабилдештирүүнү пландап жүрүшкөн. Кылмышка шектүүлөргө карата “жардырууга даярдануу”, “террористтик ишмердүүлүктү каржылоо”, “мыйзамсыз куралдуу уюм түзүү”, “жардыруучу каражаттарды, курал жарактарды алып жүрүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.