368

Ак илбирстин тукумун жок кылууга кимдер салым кошууда?


Ак илбирстердин санынын азайуусуна аткаминерлер менен айрым депутаттардын кайдыргелиги себеп болууда. Мындай билдирүүнү жарандык активисттер жасашты. Алардын пикиринде, Кыргызстанда ак илбирстердин так саны канча экенин эч ким билбейт. Советтер Союзу тарагандан бери алардын популяциясына көз салган мекеме жок. Өлкөдө бул жаныбарды атууга катуу тыюу салынганы менен, аларга азык болчу жандыктар аёосуз кырылып жатат. Быйыл март айында болсо көпчүлүк депутаттар 2030-жылга чейин ача туяктууларга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушун кабыл албай коюшкан.