561

Ак илбирстерди сактоого арналган форум Бишкекте өтөт


Жоголуп кетүү коркунучуна кабылган жырткычтар менен алардын азыгы болгон кийиктердин саны ортосунда тең салмактуулукту сактап калууга мүмкүнбү? Адамдын табиятка тийгизген таасирин азайтууга болобу? Бул жана башка суроолор жакында Бишкекте өтө турган Ак илбирстерди сактоого арналган эл аралык форумда талкууланат. Бул иш-чара, уюштуруучуларынын айтымында, мурда болуп көрбөгөндөй ири масштабда өтмөкчү. Эл аралык жыйынга 12 мамлекеттин өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнөн тышкары, ири ишкерлер дагы катышаары күтүлүүдө. Ак илбирсти коргоо боюнча долбоорлорду каржылоого бизнесмендер дагы каражат бөлүшү мүмкүн, дешет экологдор.