1654

Айтматовду эскерүүгө дүйнөнүн 11 мамлекетинен окумуштуулар келди


“Жамийла”, “Кылым карытаар бир күн”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Кыямат”… Чыңгыз Айтматовдун ушул жана башка чыгармалары дүйнөнүн булуң-бурчундагы окурмандардын жүрөгүн багындырып келет. Бүгүн “Айтматовдун чыгармалары: маданият диалогу” деген аталыштагы эл аралык форум өтүп, ал улуу жазуучунун чыгармачылыгын сыйлаган дүйнөлүк илимпоз-адабиятчылардын башын бириктирди. Эл аралык иш-чарага кашытуу үчүн Египет, Оман, Иордания, Россия, Марокко жана Палестина сыяктуу 11 өлкөдөн окумуштуулар келишти.