335

Афганистандагы жардыруудан набыт болгон адамдардын саны 29га жетти

4
Афганистандын Герат шаарындагы шииттердин мечитиндеги жардыруудан набыт болгон адамдардын саны 29га жетти. Дагы 64 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алганын “Толо Ньюс” телеканалына аталган провинциянын губернатору Мохаммад Асиф Рахим кабарлады.

Маалыматтарга караганда, террорист-жанкечти мечиттин алдына көп киши чогулган маалда, өзүн-өзү жардырып жиберген. Андан кийин экинчи террорчу зыяратка келген жай тургундарды аткылай баштаган. Эске салсак, 24-июль күнү дагы Афганистандын Кабул шаарындагы шииттер жыш отурукташкан районунда жардыруу болгон. Андан 24 адам каза таап, 50гө жакын адам ар кандай жаракаттарды алган.