441

Ачык асман алдында өтүп жаткан кино көргөзмөсү


Бишкек шаарында ачык асман алдында экологияга арналган даректүү тасмалар көрсөтүлө баштады. Иш чара Ботаникалык бакчада өткөрүлүп жатат. Демилгечилердин айтымында, кино көргөзмөсү шаардын ири жашыл аймагында өткөрүү идеясы жөн жеринен келип чыккан эмес. Буга бакчанын ичинде орун алган соңку көрүнүштөр түрткү болгон. Шаар тургундарына жаратылыш койнунда көрсөтүлгөн тасмаларда жер жүзүндөгү экологиялык көйгөйлөр чагылдырылган.