1189

Аба ырайы: шашылыш билдирүү

дождь
13-16-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт, айрым жерлерде жамгыр катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн. 15-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.