584

7 ай ичинде эмгек мигранттары Кыргызстанга 605 миллион доллар которду

мигранты
Бул тууралуу Миграция кызматынан кабарлашты. Быйыл чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин жөнөткөн каражаты былтыркыга караганда 146 миллион долларга көп. Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанга тыштан которулган акчанын 90 пайызга жакыны Россиядан келет.

Былтыр чет мамлекеттердеги биздин эмгек мигранттар 2 миллиард долларга жакын акча которушкан. Учурда расмий маалымат боюнча, сыртта иштеп жүргөн мекендештерибиздин саны 750 миңден ашат. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда болсо, Казакстанда, Түркияда, Кореяда да миңдеген жарандарыбыз иштейт.