773

5 машина кагышкан аварияда милиционер күнөөлөнүүдө


Бишкекте эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына милиция кызматкери күнөөлөнүп жатат. Ал мас абалында машина айдап бара жатканы айтылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Бүгүн таң эрте Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Максим Горький көчөсүнүн кесилишинде беш унаанын катышуусундагы жол кырсыгы болуп, 2 адам каза таап, үчөө жабыркаган. Аварияга себепкер делген 28 жаштагы милициянын старшинасы камакка алынды. Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Мас болуп машина айдап, жол кырсыгына себепкер болгон милиционерлер тууралуу фактылар буга чейин дагы болуп келген.